Бишкекте Курулуш министрлиги менен ӨКМнын инспекторлору пара талап кылууга шектелип кармалды

06.11.2025 | 12:42

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан имаратты пайдаланууга берүү актына кол коюу үчүн пара талап кылган деген шек менен Курулуш министрлиги менен ӨКМнын эки инспекторун кармалышты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында инспекторлор алдын ала сүйлөшүп алып иш кылышкан. Алардын бири 2 миң доллар талап кылса, экинчиси «Мбанк» тиркемеси аркылуу 27 миң сом алган.

5-ноябрда кызматкерлер акча алып жаткан учурда кармалган. Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Атайын кызмат башка адамдардын да катыштыгы бар-жогун текшерип, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы ишти улантып жатканын белгиледи.

Scroll to Top