Бычак менен коркуткан. Бишкекте каракчылыкка шектелип 4 жигит кармалды

08.11.2025 | 16:30

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип, үч жаш жигит жана бир өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «102» кызматына борбор калаадагы тери заводунун аймагында белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, «iPhone XS» жана «Redmi Note» маркасындагы уюлдук телефондорду тартып алышканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөөнүн негизинде, шектүү катары 18 жаштардагы Ж.Б., И.О., Т.М. жана 16 жаштагы А.Д. аныкталып, кармалышкан. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Текшерүү маалында шектүүлөрдүн биринен эки бычак жана кылмыш жолу менен алынган бир уюлдук телефон табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын Бишкек шаарынын аймагында ушундай мүнөздөгү башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталган.

Scroll to Top