11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Ош аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөндөргө айып пул салынды
14.11.2025 | 13:37

Ош эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөндүгү үчүн 3 аялга 20 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынны басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аэропортто Умрадан кайткан зыяратчыларды тосуп алуу үчүн келген жарандар көп болуп, алардын арасынан жүзүн толук жаап алгандар көзөмөл камераларына түшүүдө. Мындай жарандарга тартип сакчылары тарабынан айып пул салынууда.
Белгилей кетсек коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127¹-беренесинин негизинде 20 миң сом айып пул салынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар