Бишкектеги аварияга байланыштуу токтотулган суу бүгүн кечинде берилет

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкектеги 5-кичи райондогу аварияга учураган суу өткөргүчтү оңдоо иштери уланууда. Суу бүгүн кечинде толук кандуу берилет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда суу өткөргүчтөр толук бошотулуп, диаметри 500 мм болгон чоюн суу өткөргүчкө муфта орнотуу иштери жүрүп жатат.
«Бишкексууканал» ишканасы бардык оңдоо иштери бүткөндөн кийин сыноо иретинде суу берилерин жана суу өткөргүч толукталган сайын насостук станциялар этап-этабы менен кошула турганын билдирди.
Эске салсак, 13-ноябрдын түнүндө 5-микрорайондогу суу өткөргүчтүн жеке компания тарабынан бузулуп, анын кесепетинен төмөнкү кичи райондорго ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулган: 3, 4, 5, 6, 7, 8, Түштүк-7, Жаштар кварталы, 3- жана 4-кичирайондордон төмөн жайгашкан жеке сектор, Абай жана Малдыбаев көчөлөрү (Ахунбаев көчөсүнөн жогору).
Ошондой эле Онкология борбору менен Республикалык психиатрия жана наркология борборунда суу токтотулган. Мындан тышкары, 10-микрорайондо суунун басымы төмөндөгөн.