Кыргыздар менен казактарды тилдеген Екатерина Биволго Орусияда кылмыш иши козголушу мүмкүн
Орусиянын ИИМи бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго карата кыргыздар менен казактарга айтылган акаарат сөздөр камтылган видео боюнча текшерүү ишин жүргүзө баштады. Бул тууралуу Орусия ИИМинин жарандык коом институттары жана ЖМК менен өз ара аракеттенүү башкармалыгына таянып, «Газета Ru» жазды.
Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Евгений Артемовдун айтымында, текшерүүнү Санкт Петербург жана Ленинград облусу боюнча ИИМдин Башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Эске салсак, октябрь айында Екатерина Бивол автоунаа айдап баратып тарткан видеону жарыялап, анда кыргыз жана казак улутундагы адамдарга карата адепсиз сөздөрдү айткан. Мындан кийин Кыргызстанда жана Казакстанда ага карата кылмыш иши козголгон.
Казакстан ИИМинин орун басары 13-ноябрда республика Биволду жоопко тартуу үчүн анын экстрадициясын талап кыла турганын билдирген.
Бул окуя эки өлкөдө чоң коомдук резонанс жаратып, социалдык тармак колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылган.