Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулду

Бүгүн, 18-ноябрда, Орусиянын борбору Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач өкмөт башчылар тар курамдагы жыйынга катышкан.
Жыйындын жүрүшүндө көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланган.
Катышуучулар глобалдык экономиканын актуалдуу чакырыктарын карап чыгып, ШКУнун аймагында көп тараптуу интеграцияны бекемдөөнүн конкреттүү жолдорун белгилешкен.
Ошондой эле, уюмдун ичиндеги өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, анын ичинде жалпы экономикалык инструменттерди өнүктүрүү жана ар кандай секторлордо тыгыз байланыштар үчүн шарттарды түзүү аркылуу басым жасалган.