Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
18.11.2025 | 20:00

19–20-ноябрь күндөрү Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КРнын ТИМи билдирди.
Маалыматка ылайык, ал өлкөгө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келет.
Сапардын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргызстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр болуп өтөт.
Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун 1-жыйынынын өткөрүлүшү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Сапардын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташуусун бекемдөөгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат