Курсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулат
Бишкекке дагы 8 жаңы автобус келди
24.11.2025 | 13:23

Бишкек мэриясы бүгүн, 24-ноябрда, борбор калаага 8 жаңы жана экологиялык жактан таза автобус келгенин билдирди.
Аталган автобустар Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) «Жашыл шаар» долбоорунун алкагында сатылып алынган 95 автобустун бир бөлүгү болуп саналат.
Буга чейин 20 даана автобус келген. Ал эми калгандары жолдо келе жатканы айтылды.
Мэрия жаңы автобустардын келиши шаардын коомдук транспорт системасын модернизациялоодо маанилүү кадам болуп саналарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом