Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуДагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга өзүн-өзү көрсөтүү арызын бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралуу
Бишкекке дагы 8 жаңы автобус келди
24.11.2025 | 13:23

Бишкек мэриясы бүгүн, 24-ноябрда, борбор калаага 8 жаңы жана экологиялык жактан таза автобус келгенин билдирди.
Аталган автобустар Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) «Жашыл шаар» долбоорунун алкагында сатылып алынган 95 автобустун бир бөлүгү болуп саналат.
Буга чейин 20 даана автобус келген. Ал эми калгандары жолдо келе жатканы айтылды.
Мэрия жаңы автобустардын келиши шаардын коомдук транспорт системасын модернизациялоодо маанилүү кадам болуп саналарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом