Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн
Гонконгдогу эң ири өрт: каза болгондордун саны 94кө жетти
28.11.2025 | 10:19
Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 94 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өрт кызматтарына таянып билдиришти.
Эскерте кетсек, 26-ноябрда Wang Fuk Court аттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, кыска убакыттын ичинде 31 кабаттан турган сегиз үйдү каптап кеткен. Бул комплексте 4 миңге чейин адам жашайт. Бул — акыркы жылдардагы Гонконгдогу эң ири өрт.
Жергиликтүү бийлик өрттүн ушунчалык тез жайылышын “адаттан тыш” көрүнүш деп атап, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн кылмыш ишин козгоого убада берди. Этиятсыздык менен киши өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды.