Метронун ордуна трамвайлар жана борборду бошотуу: питердик адистер Бишкектин кантип өзгөрөрүн айтышты
2050-жылга карата Бишкектин жаңы Башкы планы экологиялык жана транспорттук кризистен куткаруу үчүн комплексдүү, айрым учурда радикалдуу чечимдерди сунуштайт. Адистердин талкуусуна коюлган долбоор коомдук транспортту өнүктүрүүгө, газификацияга жана курулушка болгон мамилени кайра кароого басым жасайт.
Негизги сунуштар:
Транспорт.
Метронун ордуна салыштырмалуу арзан жана натыйжалуу транспорт катары трамвай түйүнүн өнүктүрүү сунушталууда. Ошондой эле велосипед инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транзиттик унаа агымын борбордон чыгарып кетүү үчүн айланма жолдорду куруу каралууда.
Экология.
Смог менен күрөшүү үчүн ТЭЦти кошкондо толук газга өтүү, шаар ичиндеги суу системаларын — дарыяларды жана каналдарды — калыбына келтирүү, кең көлөмдө жашылдандыруу сунушталат.
Курулуш.
Башкы план борбордук бөлүктү «сейректетүүнү», ал эми түштүк аймактарды көп кабаттуу турак жай курулушу аркылуу өздөштүрүүнү көздөйт. Бул борборго түшкөн күчтү азайтууга жардам бермекчи.
Талкуу маалында альтернативдүү сунуштар да айтылды: мисалы, Малайзиядагыдай эки кабаттуу жолдорду куруу идеясы. Вице-мэр Азамат Кадыров мындай долбоорлор келечекте Бишкекке кире бериш аймактарында ишке ашуусу мүмкүн экенин четке каккан жок.