Казакстанда кыргызстандык фура айдоочуну сүзүп кетишти. Кыргызстандын элчиси чара көрбөй жатканы айтылууда

03.12.2025 | 12:39

Казакстандын Актөбө облусундагы «Жайсан» көзөмөл-өткөрүү бекетинде жергиликтүү фура айдоочусу кыргызстандык 47 жаштагы Самат Бейшекеевди сүзүп кеткен. Натыйжада ал оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу жабырлануучунун кесиптеши Reporter.kg сайтына билдирди.

Окуя 25-ноябрда болжол менен саат 16:00 чамасында болгон. Самат Бейшекееев кезекте турган фурасын жолдун жээгине токтотуп коюп, анын жанында турганда каршы тилкеде келе жаткан башка фура аны коюп кеткен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлер барып, бардык тиешелүү документтерди толтурушкан. Кыргызстандык жаран буту жана колу сынып, башынан жаракат алып, мээси чайкалган абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалашууда. Дарылануу үчүн 6 миң доллардын тегерегинде каражат керек экендиги болжолдонууда.

Жабырлануучунун кесиптешинин айтымында, казакстандык укук коргоо органдары окуяга күнөөлүү болгон айдоочуну кармаган эмес, ал эми экспертиза кыргызстандык жеңил жаракат алган деген корутунду чыгарган. Мындан тышкары Самат Бейшекеевди сүзгөн айдоочу аны Кыргызстанга жеткирүү жана анын дарылоо чыгымдарын төлөөдөн баш тартууда.

Жабырлануучунун кесиптештери жана туугандары Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылышкан, бирок азырынча эч кандай жооп жок. Алар Кыргызстандын бийлигине жана Тышкы иштер министрлигине бул көйгөйгө көңүл буруусун өтүнүшүүдө.

Scroll to Top