Жыл башынан бери Кыргызстан Сибирге 12 миңден ашуун тоту куш экспорттоду

03.12.2025 | 13:10

Кыргызстандык ишкерлер Орусия базарына кооз канаттууларды жеткирүүнү улантууда. Буга чейин Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылынан Красноярск шаарына кезектеги ири партия ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Россельхознадзордун Краснояр крайы боюнча башкармалыгы билдирди.

Орусиялык көзөмөл органдарынын маалыматына караганда, бул жолу Кыргызстандан 840 канаттуу экспорттолду. Сибирге толкун сымал тоту куштар, кореллалар, шакек моюндуу тоту куштар жана жуптуу тоту куштар жөнөтүлгөн.

Россельхознадзор адистери канаттуулар ЕАЭБдин бардык санитардык талаптарын сактоо менен жеткирилгенин тастыкташты. Азыр алар буйрутма берген красноярдык ишкердин базасында карантинде кармалууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан Краснояр крайына жалпы 12,6 миң даана канаттуулардын 17 партиясы жөнөтүлгөн.

Scroll to Top