Министрлик кыргызстандыктарга сөөктөрүн медициналык окуу үчүн тапшырууга уруксат берүүнү сунуштоодо
Министрлер кабинети анатомиялык донордук жөнүндө жобону бекитүүнү пландоодо. Саламаттык сактоо министрлиги демилгелеген тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бийлик медицинанын сапаты төмөндөп, дарыгерлердин катасы көбөйүп жатканын моюнга алууда. Анткени студенттер макеттер менен окуп, практикалык көндүмдөрдү окууну бүткөндөн кийин гана, тирүү бейтаптардан үйрөнүүгө аргасыз болууда.
Документтин негиздеме-маалымкатында Саламаттык сактоо министрлиги кооптуу жагдайды билдирген: акыркы жылдары Кыргызстанда медициналык-санитардык жардамдын сапаты төмөндөп кеткен. Мекеме мунун негизги себептеринин бири кадрлардын начар даярдыгы экендигин билдирди.
«Тилекке каршы, эч бир модель адам денесинин түзүлүшү жана ички органдардын нюанстарын, ар бир оору үчүн өзгөчө болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү айта албайт», — деп айтылат документте.
Токтом долбоору 2024-жылдын январында кабыл алынган «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын 52-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анатомиялык донордукту киргизүү медициналык окуу жайларга жана илимий борборлорго донордук денелерди жана органдарды төмөнкүлөр үчүн колдонууга мүмкүндүк берет:
- көрсөтмө окуу-куралдарын жасоо;
- анатомиялык жана хирургиялык кафедраларда практикалык сабактарды өткөрүү;
- операциялардын жаңы ыкмаларын жана инновациялык технологияларды клиникага киргизүүдөн мурда сыноодон өткөрүү.
Долбоордун авторлору өз жүйөлөрүн ачык эле айтышкан. Алардын сөзү боюнча, азыр медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү көбүнчө иштөө процессинде «колун көндүрүүгө» мажбур.
«Медициналык факультеттин студенттери донордук органдар түрүндөгү көрсөтмө куралдар менен теориялык гана билимге ээ болбостон, практикалык көндүмдөрдү да ала алышат, анын ичинде азыркыдай тирүү бейтаптарга университеттен кийин эмес, студенттик кезинде медициналык процедураларды жана операцияларды жасоону үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деп белгиленет министрликтин негиздемесинде.
Донордук үчүн кимдердин сөөгү колдонулат?
Документке ылайык, Кыргызстанда анатомиялык донордук үч негизги жол менен ишке ашырылат:
Өз эрки менен керээз калтыруу. Жөндөмдүү жаран көзү тирүүсүндө өлгөндөн кийин денесин илимге өткөрүп берүү каалоосу тууралуу арыз жазат. Документ сөзсүз түрдө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Жаран каалаган учурда бул чечимин жокко чыгарууга укуктуу.
Туугандарынын макулдугу. Эгер маркум эч кандай керээз калтырбаса, анын сөөгүн туугандарынын жазуу жүзүндөгү арызы (нотариус аркылуу тастыкталган) менен окуу жайларга өткөрүп берсе болот.
Талап кылынбаган өлүктөр. Эгер 30 сутканын ичинде эч ким кайрылбаса, окуу жайлар талап кылынбаган өлүктөрдү ала алышат. Мындай сөөктөрдү өткөрүп берүү чечимин Патологоанатомиялык бюронун алдындагы үч адамдан турган атайын комиссия кабыл алат.
Операциядан кийинки органдар
Өзүнчө пункт хирургиялык кийлигишүү учурунда тирүү адамдардан алынган органдарга жана ткандарга (мисалы, ампутация болгон бут-колдор же патологиялык өзгөрүүдөн улам алынган органдар) тиешелүү.
Жобонун 5-пунктуна ылайык, эгер бейтап же анын өкүлү кесилип алынган органдарды операциядан кийин 10 күндүн ичинде алып кетпесе, алар изилдөө үчүн медициналык окуу жайларга берилиши мүмкүн.
Маанилүү жагдай: документте «Мында өткөрүп берүү үчүн бейтаптын макулдугу талап кылынбайт» деп так жазылган.
Кимдердин сөөгүн өткөрүп берүүгө тыюу салынат?
Студенттердин жана окутуучулардын коопсуздугу үчүн коркунучтуу жугуштуу оорулардан каза болгондордун сөөгүн колдонууга катуу тыюу салынат. «Тыюу салынгандарга» төмөнкүлөр кирди:
- СПИД (ВИЧ-инфекция);
- чума (кара тумоо);
- күйдүргү (сибирская язва);
- холера (рыле);
- туляремия;
- вирустук жана геморрагиялык лихорадкалар (калтыратмалар).
Этика жана жерге берүү
Документ катуу этикалык нормаларды белгилейт. Башкы шарт — деперсонализация (ээсиздендирүү): маркумдун ким экенин жашыруу үчүн денеге же органдарга коддук номер ыйгарылат.
Мындан тышкары, донорду акыркы сапарга узатуу боюнча каржылык жоопкерчилик окуу жайларга жүктөлөт. ЖОЖдор жана илимий борборлор калдыктар окуу процессинде колдонулуп бүткөндөн кийин сөөктү жерге берүүнү уюштурууга жана чыгымын төлөөгө милдеттүү.