Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
БШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
07.12.2025 | 12:53

Бүгүн, 7-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.
БШК кабыл алган токтомго ылайык, аталган округдан төмөнкүлөр ЖКга шайланган депутаттар деп таанылды.
- Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович – 13 миң 067 добуш (23,45%);
- Белеков Адилет Чолпонбекович – 9 миң 535 добуш (17,11%);
- Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна – 6 миң 688 добуш (12%).
№29 шайлоо округу боюнча 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 137 миң 758 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен 56 307 шайлоочу добуш берип, бул тизмеге киргизилгендердин 40,87% түзгөн.
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоого 1 миллион 584 миң 400 жаран катышты.