Бакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна барды

08.12.2025 | 10:29

Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүйдүн Москва районундагы «Тулпар Моторс» авто заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аталган завод Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн макулдашуусунун негизинде түзүлүп, 2024-жылдын 18-июлунда расмий ачылган. Заводго инвестициянын жалпы көлөмү 50 млн долларды түзүп, долбоор үч этапта ишке ашырылууда.

Завод өлкөдө автомобилдердин жеңил жана коммерциялык түрлөрүн чыгарууну көздөйт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны, кийинки этаптарда 30 миң даанага чейин жеткирүү пландалууда. Анын ишке кириши менен 1000ден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Министрлик «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган автоунааларды сатып алууну колдоо максатында «Жеңилдетилген автонасыя» программасы ишке киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, автокредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:

  • Пайыздык чен — 8% жылына;
  • Баштапкы төлөм — 20%;
  • Кредитти берүүчү банктар — «Элдик Банк» жана «Айыл Банк».
Scroll to Top