Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
«Кыргыз темир жолунун» кызмакери унаасын 190 км/саат ылдамдыкта айдап, видеосун интернетке чыгарган
09.12.2025 | 11:22
Бишкекте Кайгуул кызматы башкармалыгы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жогорку кызматтагы кызматкерине жол эрежесин одоно бузганы үчүн айып пул салды.
Маалыматка ылайык, айдоочу Ч. Айтматов проспектиси саатына болжол менен 190 чакырым ылдамдыкта айдап, авариялык кырдаалды жараткан. Эреже бузган жаран кооптуу айдаганын видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган жогорку кызматтагы адам болуп чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, сөз «Кыргыз темир жолунун» түштүк бөлүмүнүн башчысы Орозбек Турдубеков жөнүндө болуп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар