Саламаттык сактоо министринин орун басарлары дайындалды

Өкмөттүн тескемесине ылайык, Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ошондой эле Бакытбек Кадыралиев жана Рыспек Сыдыгалиев саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалышты.
Бүгүн, 15-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрликтин жамаатына жаңы дайындалган орун басарларды тааныштырды.
45 жаштагы Айбек Маткеримов 2005-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. Ал эмгек жолунда Оштогу перинаталдык борбордо акушер-гинеколог, андан кийин Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенген. Ошондой эле бир нече аймактарда төрөт бөлүмдөрдү жетектеген.
2016–2021-жылдары Барпы айылдык кенешинин депутаты болгон. 2021-жылдан бери Жогорку Кенештин 7-чакырылышынын депутаты, 2022-жылдан бери Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган.
Эске салсак, 1-декабрда өлкө башчынын жарлыгы менен мурдагы саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматынан алынып, министрдин милдетин аткаруучу катары Каныбек Досмамбетов дайындалган. Досмамбетов 2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеген. Саламаттык сактоо жаатынын жетекчилигине коопсуздук тармагында тажрыйбасы бар адамдын дайындалышы коомдо кызуу талкуу жараткан.