Президент жарандардын шайлоого катышуусун милдеттендирген мыйзам киргизүүнү сунуштады

17.12.2025 | 12:53

Өлкө башчы Садыр Жапаров жарандардын шайлоого катышуусун милдеттендирген мыйзам киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депуттарынын ант берүү аземинде айтты.

Президенттин айтымында, парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү сыяктуу бир катар шарттар түзүлгөнүнө карабастан, жарандардын катышуусу төмөн болгон.

“Балким милдеттендирүү чараларын киргизебизби же башка ыкмаларын издейбизби, айтор, эл журтубуздун шайлоого жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралууда. Урматтуу эл өкүлдөрү, бул маселени жон териңиздер менен өткөргөндөр катары мыйзам долбоорун демилгелөө жагын карап көрсөңүздөр”,- деп айтты өлкө башчы.

Садыр Жапаров дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жарандардын шайлоого катышуусу мыйзам чегинде милдеттендирилгенин айтты. Анын айтымында, мындай мыйзамды Түркия колдонуп көргөн, ал жарандардын катышуусун көтөргөнгө жардам берген.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо  өттү. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 көп мандаттуу округдан 87 деп шайланып келди.

Scroll to Top