Садыр Жапаров эл өкүлдөрүн өкмөт менен соодалашууну токтотууну айтты

17.12.2025 | 14:12

Өлкө башчы Садыр Жапаров парламенттин жаңы депутаттарына кайрылып, Министрлер кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө алар менен соодалашууну токтотууну айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде билдирди.

Өлкө башчы айрым эл өкүлдөрү тарабынан “менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтүүлөр болгонун өз көзү менен көрүп жүргөнүн билдирди.

Анын айтымында, ушундай жол менен депутаттар өз айылдарына социалдык объектилерди куруп алышкан.

“Мисалы бир айылда жакшынакай мектеп, бала-бакча, спорт залдары турса деле жанына кошумча имарат салдырып алган айылдар бар. Албетте ошол айылдан чыккан депутаттын же министрлердин көмөгү менен жасалган иш бул. Ошол эле маалда кошуна айылдарда эскилиги жетип, балдарды окутууга мүмкүн болбой калган 70-80-жылдарда курулган мектептер турат.

Урматтуу депутаттар, министрлер, мындан ары мындай адилетсиздикке барбай, мамлекеттин каражатын туура жана эффективдүү пайдаланалы. Баарына бирдей карайлы”,- деди президент өз сөзүндө.

Scroll to Top