Экология, логистика, туризм: Садыр Жапаров «Борбордук Азия – Жапония» биринчи саммитинде сөз сүйлөдү

20.12.2025 | 12:00

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Токиодо өткөн «Борбордук Азия – Жапония» диалогунун биринчи саммитине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саммитте Жапаров Борбордук Азия менен Жапониянын кызматташуусу жаңы сапаттык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан Жапония менен экология жана туруктуу өнүгүү, коммуникация, адам ресурстарын өнүктүрүү багыттарында өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.

Өлкө башчы климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы Кыргызстан үчүн олуттуу коркунуч экенин белгилеп, Жапониянын катышуусу менен табигый коркунучтар боюнча эрте эскертүү системасын түзүүнү сунуштады.

Президент Кыргызстан «жашыл» экономикага өтүүгө умтуларын айтып, «Камбар-Ата – 1» ГЭСин негизги стратегиялык долбоор катары атады. Ошондой эле жапондордун «жашыл» технологияларын трансферлөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоого кызыкдар экенин билдирди.

БУУнун 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгесин эске салып, өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Коммуникация жаатында Кыргызстан транспорттук жана логистикалык хаб болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгилеп, жол, темир жол, жарандык авиация жана транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө басым жасаларын айтты. Маалыматтык технологиялар тармагында да кызматташууга даяр экенин билдирип, Жогорку технологиялар паркын биргелешкен санариптик долбоорлор үчүн аянтча катары сунуштады.

Ошондой эле ал адам ресурстарын өнүктүрүүдө JDS программасынын маанисин белгилеп, жапон университеттеринде IT жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, президент Жапония менен туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, «Асман» экологиялык шаар долбооруна жана «Ала-Тоо Резорт» ири тоо лыжа базасын өнүктүрүүгө жапон инвесторлорун чакырды.

Scroll to Top