“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келинди
Нариман Түлеев Атамбаевдин убагында салык төлөбөгөнүн айтты
22.12.2025 | 12:13
Бишкектин мурдагы мэри, ишкер Нариман Түлеев Атамбаев президент болуп турган убакта бир да тыйын салык төлөбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал журналист Майраш Базлакунованын Ютуб каналына берген маегинде айтты.
Түлеев мамлекетке 300 млн сом салык катары төлөп бергенин, бирок Атамбаевдин убагында мындай болбогонун билдирди.
“Мына мен ачык айтайын, Атамбаевдин убагында мен бир дагы налог төлөгөн эмесмин. Атамбаевге баары бир болчу, төлөп атасыңбы, төлөбөй атасыңбы, иши жок болчу. Атамбаевдин убагында мен бир тыйын төлөгөн жокмун”,- деди ишкер.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат