Түштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчы
Бишкектин 9-кичи районуна жаңы базар курулат
22.12.2025 | 12:44

Бишкек шаарынын 9-кичи районунда «CITY Market» аталышындагы заманбап базар курулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашат. Базарды долбоорлоо жана куруу үчүн өткөрүлгөн ачык конкурста «Ак Ордо Булак» ЖЧКсы жеңүүчү деп аныкталды. Мэрия аталган ишкананын сунушу эң тең салмактуу, комплекстүү болгонун жана экономикалык жактан максатка туура келгенин билдирди.
Долбоор боюнча базар 9-кичирайонундагы Байтик-Батыр көчөсү 6а жана Байтик-Батыр көчөсү 4а даректериндеги турак жайлардын ортосунда жайгашып, чекене жана дүң соода жүргүзүүгө ыңгайлуу жай болот.