Камила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштадыМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болотКыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырдыКыргызстан менен Өзбекстан Кытайга багытталган темир жол долбоорун илгерилетүүдөКыргызстандын сегиз ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилдиКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун күнү белгиленди
Бишкектин 9-кичи районуна жаңы базар курулат
22.12.2025 | 12:44

Бишкек шаарынын 9-кичи районунда «CITY Market» аталышындагы заманбап базар курулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашат. Базарды долбоорлоо жана куруу үчүн өткөрүлгөн ачык конкурста «Ак Ордо Булак» ЖЧКсы жеңүүчү деп аныкталды. Мэрия аталган ишкананын сунушу эң тең салмактуу, комплекстүү болгонун жана экономикалык жактан максатка туура келгенин билдирди.
Долбоор боюнча базар 9-кичирайонундагы Байтик-Батыр көчөсү 6а жана Байтик-Батыр көчөсү 4а даректериндеги турак жайлардын ортосунда жайгашып, чекене жана дүң соода жүргүзүүгө ыңгайлуу жай болот.