«Ысык-Көл» аэропортунда каттамдын багыты өзгөртүлгөнү үчүн жүргүнчүлөр жаңжал чыгарышты
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда начар аба ырайына байланыштуу Бишкектен багыты өзгөртүлгөн каттамдын жүргүнчүлөрү жаңжал чыгарышты.
Авиациялык коопсуздук эрежелерин бузуу жана олуттуу материалдык зыян келтирүү менен коштолгон окуя «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортунда болгон. Бишкекке бара жатып, бирок аба ырайына байланыштуу багыты өзгөртүлгөн каттамдын үч жүргүнчүсү каттоо зонасында тополоң чыгарып, техниканы талкалашкан. Аэропорт чыгымды сот аркылуу толук өндүрүп алууну көздөп жатканын «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге тастыктады.
Учак борбор калаага коно албай, Тамчыдагы резервдик аэродромго конууга мажбур болгон. Аталышы такталбаган авиакомпания жүргүнчүлөр үчүн трансфер уюштурган: адамдарды Бишкекке жеткирүүчү автобустар жолдо келе жаткан.
Бирок транспортту күтүп жатканда үч жүргүнчү аял сабырсыздык көрсөткөн. Алар учактын экипажы Бишкекке учуудан атайылап баш тартып жатат деген жүйө менен аэропорт кызматкерлерине доомат коюшкан. Алар пилоттор менен жекеме-жеке сүйлөшүү үчүн учуу-конуу тилкесине дароо өткөрүүнү талап кылышкан.
Аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү бул зонада эркин жүрүүсүнө тыюу салган авиациялык коопсуздуктун эрежелерин айтышып, аялдарды учуу-конуу тилкесине өткөрүүдөн баш тартышкан. Мындай жоопту уккан жүргүнчүлөр жаңжал чыгарып, сөгүп, кызматкерлерди телефонго тартып, андан соң каттоо бөлүмүн талкалай башташкан. Алар эки кызматтык компьютерди сындырышкан.
Тартипти бузгандар коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Аэропорттун өкүлдөрү укук коргоо органдарына арыз жазып, тергөө башталды. Аэропорт келтирилген материалдык зыяндын ордун күнөөлүүлөрдөн толук өндүрүп алууну көздөөдө.