Мигранттар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окуу колдонмо иштелип чыкты

23.12.2025 | 15:38

Кыргызстанда мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн каржылык сабаттуулук боюнча адистештирилген модуль иштелип чыкты. Ал чет жерлерде иштеп жаткан жарандардын каржылык маданиятын жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Эл аралык миграция уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, чет жактан акча которуулар мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн 41%ы үчүн негизги киреше булагы болуп саналат. Бул каражаттар күнүмдүк керектөөнү гана камсыздабастан, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн келечеги үчүн да жумшалышы керек.

Каржылык сабаттуулук боюнча жаңы модуль жарандарды акча которуп жатканда банктык каналдарды коопсуз пайдаланууга, ошондой эле депозиттер жана сактык эсептери «коопсуздук жаздыгын» түзүүгө үйрөтөт. Мындан тышкары модулдар төмөнкүлөргө жардам берет:

  • чыгып кетүүгө кетчү чыныгы чыгымдарды эсептеп, сапарга чыга электе эле карызга батпоого;
  • каражат топтоо үчүн ишенимдүү каржылык инструменттерди тандоого;
  • топтолгон капиталды Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачууга багыттоого.

Эми бул модулдардын материалдарын Finsabat.kg веб-сайтына жайгаштыруу, ошондой эле аларды өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүчү даярдык программаларына жана маалыматтык кампанияларга интеграциялоо пландаштырууда.

Демилге Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган «Эмгек миграциясы программасы — Борбордук Азия» долбоорунун алкагында, Миграция министрлиги жана Улуттук банк тарабынан Эл аралык миграция уюму (МОМ) менен биргеликте ишке ашырылган.

Scroll to Top