«Кызмат» мамлекеттик мекемеси Кыргызстандагы эң популярдуу онлайн кызматтарды атады
«Кызмат» мамлекеттик мекемеси калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Жалпысынан 2025-жылы мекемеге жарандардан 3 миллион 600 миң кайрылуу келип түшкөн.
Жыйынтыктоочу кеңешмеде айтылгандай, санариптик сервистердин популярдуулугу туруктуу өсүүдө. Жалпы кайрылуулардын ичинен 527 миң кызмат кеңсеге барбастан, онлайн форматта көрсөтүлгөн.
2025-жылдагы эң популярдуу онлайн кызматтар:
- Түрдүү маалымкаттарды алуу — 236 миңден ашык;
- Онлайн кеңеш алуу — дээрлик 179 миң;
- «Өзүңдү санариптештир» сервиси — 83 миң;
- Онлайн каттоо (прописка) — 19 миңге жакын.
Мындан тышкары, жарандар жарандык абалдын актыларын интернет аркылуу жигердүү каттай башташты: 3 миңден ашык туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана 2 миң аты-жөнүн өзгөртүү күбөлүгү санарип түрүндө таризделген.
«Кызмат» мекемесинин директору Азамат Жапаров тейлөө тармагы күчөтүлгөн тартипте ишин улантып жатканын белгиледи: бүгүнкү күндө өлкөдө 52 КТБ, 2 бакыт өргөсү жана Бишкек менен Ошто чет өлкөлүктөр үчүн атайын борборлор иштеп жатат. 2026-жылга артыкчылыктуу багыт катары жандуу кезектерди мындан ары азайтуу жана кызматтарды интернетке өткөрүү жарыяланды.