Бишкектин жаңы Башкы планы качан бекитилери жана тургундар эмнени талап кылып жатканы белгилүү болду

24.12.2025 | 14:19

Борбор калааны өнүктүрүүнүн 2050-жылга чейинки жаңы Башкы планын 2026-жылдын январь айынын ортосунда биротоло бекитүү пландалууда. Вице-мэр Азамат Кадыров билдиргендей, учурда документ 24–25-декабрь күндөрү шаардын райондорунда өтүп жаткан коомдук угуулардын маанилүү этабынан өтүүдө.

Шаар тургундары жогорку активдүүлүктү көрсөтүшүүдө: муниципалитетке буга чейин 370 кайрылуу келип түшкөн. Аларда тургундар, негизинен, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууну, ошондой эле Көк-Жар жана Арча-Бешик конуштарындагы жеке секторду сактап калууну суранышкан.

Документти кабыл алуу жол-жобосу так жөнгө салынган: угуулар аяктагандан кийин беш күндүн ичинде протоколдор жарыяланат, андан соң долбоор келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен толукталып иштелип чыгат.

Жаңы жылдык каникулдан кийин дароо жаңыланган документ макулдашуу үчүн мамлекеттик органдарга жана Министрлер кабинетине жөнөтүлөт. Мындан тышкары, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасы жыл башында болушу мүмкүн делген укуктук боштук (вакуум) тууралуу имиштерди төгүндөп, эски Башкы план 1-январда күчүн жоготпосун жана жаңы документ өкмөт тарабынан бекитилгенге чейин иштей берерин расмий билдирди.

Scroll to Top