Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза тапты

25.12.2025 | 11:50

Үстүбүздөгү жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, киши өлтүрүүлөр үй-бүлөдөгү келишпестиктен улам алыс-жакын туугандары тарабынан жасалган.

Данияр Сапарбаев ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун жоопкерчилиги тууралуу эске салды. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эки жылдан беш жылга чейин кесүү жоопкерчилиги каралган.

Мындан тышкары жоопкерчилик Укук бузуулар кодексинде да каралган. Анда оор эмес залака алып келген үй-бүлөлү зомбулук болгон учурда айыпталуучу үчтөн жети суткага чейин камалат же 40 саат коомдук иштерге тартылат. Ал эми айыпталуучу коргоо ордеринин шарттарын бузган же бир айдын ичинде кайра зомбулук жасаса, жетиден он төрт суткага чейин камалат.

Scroll to Top