Аялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөт

26.12.2025 | 16:15

Милициянын мурдагы кызматкери аялын мыкаачылык менен атып өлтүргөн каргашалуу окуя боюнча мындан аркы тергөөнү эми УКМК жүргүзөт.

“Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен бул кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө алынды. Тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, иликтөө башталды”,- деп билдирди атайын кызмат.

Мындан тышкары УКМК бул кылмыштын жаңы жагдайларын ачыктады. Каргашалуу окуя учурунда маркум аялда убактылуу коргоо ордери болгон. Ошондой эле айыпталуучу аны өлтүрүү үчүн колдонгон газ-травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүргөнү аныкталган.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө жайында камалган. Ал тергөө бүткөнгө чейин ошол жерде кармалат. Атайын кызмат айыпталуучу тиешелүү жазасын аларына кепилдик берип, ошондой эле бул кылмышка себеп болгон же шарт түзгөн башка адамдардын аракетине же аракетсиздигине да укуктук баа берилерин билдирди.

23-декабрда Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде 48 жаштагы эркек киши өзүнүн мурдагы жубайы, 3 баланын энеси У.Ж.ны атып өлтүргөн. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, өлкө башчынын көңүлүн бурдурду. Ал аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбаарын, мамлекет катуу чараларды көрөрүн билдирди.

Бул боюнча УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев да билдирүү жасап, бул кылмышка күнөөлүү адам «мыйзамдын бардык катаалдыгы менен» жазасын аларын айтты.

ИИМдин маалыматы боюнча быйыл, 2025-жылы, үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза тапты.

Scroll to Top