2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалдыКумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон аштыКыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдүБалыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушуна жооптуу жетекчилерге сөгүш берилдиКыргызстанга чет элдик инвестициялардын агымы 21,7%га өстү
Таласта минералдык суу чыгаруучу завод ачылды
29.12.2025 | 11:31

Талас облусунун Талас районундагы Жанкороз Олуя айылында минералдык суу чыгаруучу «Беш-Таш–Кайыңды» кичи заводу ачылды. Ачылыш аземге өлкө башчы Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кичи завод заманбап технологиялар жана жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө минералдык суу чыгара алат. Ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундары түзүлдү.
“Аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза минералдык суу менен камсыздоого багытталган”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика