Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушуна жооптуу жетекчилерге сөгүш берилди

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун курулушуна байланыштуу жетекчилерге сөгүш берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Бүгүн, 29-декабрда, транспорт министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.
Жыйында жогоруда аталган жолдун курулушу боюнча министрдин биринчи орун басарына, Жол чарба департаментинин директоруна, ошондой эле “Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын директору менен орун басарына сөгүш берилди.
Сыргабаев жолдун курулушун УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын билдирип, иштин сапатына көңүл бурууну жана аны белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, 27-декабрда Камчыбек Ташиев жыйын өткөрүп, анда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатканын айтып сындаган.