Кыргызстанга чет элдик инвестициялардын агымы 21,7%га өстү

29.12.2025 | 12:10

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мекеменин 2025-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө түз чет элдик инвестициялардын агымы 562,7 млн АКШ долларын түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,7%га жогору.

Негизги инвестор-өлкөлөр Кытай (166 млн доллар), Орусия (106 млн доллар) жана Түркия (96 млн доллар) болду. Сабировдун айтымында, бүгүнкү күндө агенттик жалпы суммасы 5,9 млрд доллардан ашкан 15тен ашык ири долбоорду коштоп жүрүүдө.

Агенттиктин жетекчиси Кыргызстан экономикалык өсүштүн алдыңкы темпин көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, өлкө ИДПнын 9%дан ашык өсүшү менен дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул ийгиликтер B+ насыялык рейтингинин ыйгарылышы жана инновациялык санариптик активдердин, анын ичинде алтын стейблкоиндеринин ишке киргизилиши менен бекемделди.

Scroll to Top