Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдү

29.12.2025 | 13:03

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсү 2025-жылы рекорддук жыйынтыктарды көрсөттү. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдиргендей, өлкө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү.

Долбоорлор портфели 434 млрд сомдон ашты.Үстүбүздөгү жылдын 11 айында жалпы суммасы 3,8 млрд доллардан ашык 13 келишимге кол коюлду.

Жылдын негизги жетишкендиктеринин катарында — Түштүк Кореянын Soon Chun Hyang университети менен биргеликте U Nexus Hub инновациялык кластерин түзүү боюнча долбоор бар. Ал жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү өлкө тарыхындагы алгачкы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору болуп саналат.

2026-жылга карата пландарда масштабдуу инфратүзүмдүк долбоорлорду, анын ичинде Бишкектеги чыгыш айланма акы төлөнүүчү жолун, Чүй облусунда жаңы заводдорду курууну жана соода комплекстерин модернизациялоону ишке ашыруу каралган.

Scroll to Top