Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Бишкек 2026-жылы жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алат
30.12.2025 | 13:02
2026-жылдын январында Бишкек тарыхта алгачкы ирет жаштар арасындагы дүйнөлүк хоккейдин борборуна айланат. Жаңы «Бишкек Аренада» 18-январдан 24-январга чейин 20 жашка чейинки оюнчулар арасындагы дүйнө чемпионаты (III B дивизиону) өтөт.
Чемпиондук наам жана жогорку дивизионго жолдомо алуу укугу үчүн алты улуттук курама: Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг командалары күч сынашат.
Мелдештин кожоюндары — Кыргызстандын курама командасы алтын байге үчүн ат салышууну көздөөдө. Команда былтыр Таиландда өткөн ушундай эле турнирде күмүш медаль уткан ийгиликтүү тажрыйбасына таянат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика