Саламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирди

30.12.2025 | 15:06

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кайрымдуулук уюмдарынын жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Ведомство башчысы балдардын ден соолугун коргоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, уюмдардын жардамы тутумдун негизги муктаждыктарын: дары-дармек менен камсыздоону, диагностиканы, балдарды дарылоону жана реабилитациялоону камтыйт. Мындан тышкары, өнөктөштөр үй-бүлөлөргө психологиялык колдоо көрсөтүп, медициналык мекемелердеги материалдык-техникалык шарттарды жакшыртууга салым кошушат.

Министр медициналык жардамдын бейтапка багытталган моделин калыптандырууда кайрымдуулук уюмдарынын системалуу мамилесинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, ведомство мындан ары да кызматташууга даяр экенин тастыктады. Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар балдардын саламаттыгын сактоо жана социалдык жоопкерчиликти чыңдоо чөйрөсүндөгү биргелешкен демилгелерди кеңейтүү ниетин билдиришти.

Scroll to Top