2025-жылы Кыргызстандын эмгек рыногу кандай өзгөрдү жана бизнес кимдерди издеп жатат?

13.01.2026 | 15:37

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эмгек рыногу стандарттуу эмес динамиканы көрсөттү: вакансиялардын саны бир калыпта өскөнү менен, жумуш издегендердин активдүүлүгүнүн рекорддук жогорулашы катталып, алардын саны 20%дан ашык көбөйдү. headhunter.kg сайтынын аналитикасы көрсөткөндөй, Бишкек менен Ошто сунуштар азайса, аймактык борборлордо кирешенин ишенимдүү өсүшү байкалды. Ошол эле учурда суроо-талаптын түзүмү өзгөрүүдө: бизнес чийки зат секторунан кызматкерлерди сейрек издеп, көңүлүн камсыздандыруу, IT жана илим тармагына бурууда.

Кызматкерлерге болгон суроо-талап

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек рыногу жалпы туруктуулук жана орточо өсүү тенденциясы менен мүнөздөлдү. Платформада жалпысынан 44 миңден ашык активдүү вакансия жайгаштырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 3,6%га көп. Жыл ичиндеги активдүүлүк бир кылка болгон жок: биринчи кварталда суроо-талап 8,4%га өсүп, жигердүү башталгандан кийин, экинчи кварталда турукташуу фазасы орун алды. Үчүнчү квартал эң жогорку чекке жетип, сунуштардын максималдуу көлөмүн (12,4 миң) көрсөттү. Ал эми жылдын аягында, жайга салыштырмалуу салттуу сезондук төмөндөөгө карабастан, рынок жылдык эсепте оң динамиканы сактап калды.

Вакансиялардын географиялык бөлүнүшү Бишкектин өлкөнүн талашсыз экономикалык драйвери экенин тастыктайт. Борбор калаага 40,9 миң вакансия туура келди — бул бүтүндөй рыноктун басымдуу бөлүгү, мында сунуштардын көлөмү 3,8%га өскөн. Бирок эң көрүнүктүү динамиканы — баштапкы базанын аздыгына карабастан — аймактар көрсөттү.

Балыкчы (+42,9%), Токмок (+20,6%) жана Чолпон-Ата (+16,1%) шаарларында вакансиялардын олуттуу пайыздык өсүшү катталды, бул жергиликтүү эмгек рынокторунун жанданганын билдирет. Ош жана Каракол шаарларында да суроо-талаптын туруктуу кеңейиши байкалды. Ошол эле учурда Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта жана Нарын сыяктуу бир катар шаарларда жумуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгүнүн төмөндөшү байкалып, суроо-талаптын локалдык оңдолушун (корректировка) көрсөттү.

Түзүмдүк өзгөрүүлөр: бизнес кимдерди издеп жатат?

Кесиптик өңүттөн алганда, эмгек рыногу сатуу жана кардарларды тейлөө чөйрөсүнө таянууну улантууда, ал бардык вакансиялардын 15,7%ын түзүп, лидерликти сактап келет жана өсүүдө. Суроо-талапты калыптандырууда маркетинг жана PR, спорт индустриясы жана автоунаа бизнеси да олуттуу роль ойноодо. Маалыматтык технологиялар сектору да 19,2%га ишенимдүү өсүштү көрсөттү.

Белгилей кетчү нерсе, вакансиялардын санынын эң тез өсүшү тармактык (нишалык) сегменттерде байкалды. Рекорддук өсүш камсыздандыруу тармагында (+62,1%), ошондой эле илим жана билим берүү, юриспруденция жана менеджментте катталды.
Тескерисинче, чийки зат жана агрардык секторлор, коопсуздук, транспорт жана жумушчу персонал сунуштардын санынын азайганын көрсөттү.

Айлык акы өсүүдө, бирок бир жагдай бар

2025-жылы эмгек рыногунун каржылык жагы өлкө боюнча сунушталган медианалык айлык акынын 6%га өсүп, 45 907 сомго жеткени менен мүнөздөлдү. Медианалык көрсөткүчтү колдонуу өтө жогору же төмөн маанилерден келип чыккан бурмалоолорду болтурбай, кыйла объективдүү көрүнүштү берет.

Шаарлар боюнча деталдуу талдоо кызыктуу тенденцияны ачып берет: ири борборлордо — Бишкек жана Ошто — жумуш берүүчүлөрдүн медианалык сунуштары тиешелүүлүгүнө жараша 12,3%га жана 20,1%га төмөндөгөн. Терс динамикага карабастан, борбор калаа айлык акынын абсолюттук деңгээли боюнча лидерликти сактап турат (болжол менен 46,2 миң сом). Буга карама-каршы, аймактык борборлор кирешенин ишенимдүү өсүшүн көрсөттү. Токмокто медианалык айлык акы 9,7%га өсүп, иш жүзүндө борбор калаага теңелди (46,0 миң сом). Оң динамика Жалал-Абад жана Каракол шаарларында да катталды.

Эң көп акы төлөнүүчү тармактар болуп жогорку менеджмент (68,6 миң сом) жана суроо-талаптын жалпы төмөндөшүнө карабастан, айыл чарбасы (63,2 миң сом), ошондой эле унаа бизнеси саналат. Эң төмөнкү сунуштар коопсуздук жана консалтинг чөйрөлөрүндө катталып, ал жакта эмгек акы деңгээлинин олуттуу төмөндөшү орун алган.

Жумуш издегендер көбөйүүдө

2025-жылы калктын жумуш издөө активдүүлүгү компаниялардын суроо-талабына караганда бир кыйла тез өстү. Резюме базасы 20,8%га көбөйүп, 217 миң анкетадан ашты. Талапкерлер эң чоң активдүүлүктү күз-кыш мезгилинде көрсөтүштү, ал эми алардын айлык акы күтүүлөрү (медианасы 49 919 сом) жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарынан бир аз жогору болду.

Жумуш издөө географиясы кеңейүүдө. Бишкек мурдагыдай эле резюмелердин негизги массасын топтоодо (+21,2%), бирок активдүүлүктүн чыныгы толкуну Чүй облусунда катталды. Сокулук жана Беловодское айылдарында активдүү резюмелердин саны дээрлик эки эсеге өстү, бул шаар четиндеги тургундардын активдүү эмгек рыногуна тартылып жатканын билдирет.

Көбүнчө талапкерлер сатуу, үй кызматчысы, маркетинг жана жумушчу адистиктер чөйрөлөрүндө жумуш издешкен. Белгилей кетчү нерсе, жаңы резюмелердин максималдуу агымы коопсуздук (+42,7%) жана камсыздандыруу (+36,3%) тармактарында болгон.

Атаандаштык жана рыноктун балансы

Жылдын жыйынтыгы боюнча атаандаштык көрсөткүчү (hh.индекси) 4,8ди түздү, бул рыноктун абалын орточо жана дени сак деп мүнөздөйт: бир вакансияга орто эсеп менен беш талапкер туура келет. Бирок жалпы баланстын артында күчтүү катмарлануу жатат. Кадрлардын кескин жетишсиздиги камсыздандыруу чөйрөсүндө (индекс 1,6) катталды, мында жумуш берүүчүлөрдүн тандоосу өтө аз. Кадр таңсыктыгынын кеңири зонасына (индекс 2,0–3,9) же «талапкердин рыногуна» экономиканын негизги секторлору кирди: сатып алуулар (2,1), персоналды башкаруу (2,2), өндүрүш (2,3), чекене соода, IT-чөйрөсү (3,5) жана сатуу (3,8). Бул тармактарда адистер артыкчылыктуу абалда жана жакшы шарттарды тандай алышат.

Коопсуздук тармагында карама-каршы кырдаал түзүлдү, мында индекс 11,5 белгисине жетип, өтө жогорку атаандаштык деңгээлине жакындады. Бул даана көрүнгөн «жумуш берүүчүнүн рыногу», мында бир орунга 11ден ашык адам талапкер болууда. Талапкерлердин жогорку жыштыгы үй кызматчыларынын арасында (6,5) жана искусство жана масс-медиа чөйрөсүндө (5,4) да байкалууда. Каржы, транспорт, билим берүү жана административдик секторду кошкондо калган багыттар дени сак атаандаштык диапазонунда (4,0–5,3) кармалып, эки тарап үчүн тең кызыкчылыктардын ыңгайлуу балансын сактоодо.

Индекс маанилери:

  • ≤ 1.9 — талапкерлердин кескин жетишсиздиги;
  • 2.0–3.9 — талапкерлердин жетишсиздиги;
  • 4.0–7.9 — жумуш орундары үчүн атаандаштыктын орточо деңгээли, жумуш берүүчүлөр менен талапкерлердин ортосундагы дени сак катыш;
  • 8.0–11.9 — жумуш орундары үчүн талапкерлердин атаандаштыгынын жогорку деңгээли;
  • ≥ 12 — жумуш орундары үчүн талапкерлердин атаандаштыгынын өтө жогорку деңгээли.
Scroll to Top