Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалды
18.01.2026 | 11:30

Ошто оюнчуктун магнитин жутуп алган 2 жаштагы наристеге операция жасалды. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, наристе 3 күн бою улам-улам кусуп жаткандыктан ата-энеси ооруканага кайрылган. Рентген менен текшерүүнүн жыйынтыгында, баланын ичегилеринде бир нече бөтөн зат бар экени аныкталган. Дарыгерлер шашылыш түрдө операция жасашып, 17 даана оюнчук магнитин алып чыгышкан.
“Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат”- деп билдирди оорукана.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар