Кыргызстан жана Австрия Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүшөт
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды талкуулоо үчүн Австриянын делегациясы менен видеоконференция өткөрдү. Тараптардын көңүлү заманбап туризм мектебин түзүүгө жана австриялык билим берүү технологияларын трансферлөөгө (өткөрүп берүүгө) бурулду.
Кызматташтыктын негизги долбоору катары Ысык-Көл облусунда адистештирилген билим берүү борборун ачуу каралды. Окуу процессин австриялык методологиянын жана эл аралык стандарттардын базасында куруу пландалууда. Негизги басым кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү үчүн кадрларды даярдоого жасалат. Тараптар техникалык деталдарды, анын ичинде иштеп жаткан имараттарды мүмкүн болуучу реконструкциялоону жана аларды зарыл жабдуулар менен камсыздоону талкуулоого киришишти.
Туризмден тышкары, жолугушуунун күн тартибине темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоо маселелери кирди. Австриялык технологиялык корпорация жана Klessheim Туристтик колледжи усулдук колдоо көрсөтүүгө жана педагогикалык курамды даярдоого көмөктөшүүгө даярдыгын билдиришти. Билим берүү министри Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактары үчүн жогорку квалификациялуу кадрдык резервди калыптандырууда Австриянын ментордук тажрыйбасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөргө министрдин орун басарлары, КРнын Австриядагы элчиси жана Австриянын Федералдык каржы министрлигинин өкүлдөрү да катышты. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар Биргелешкен иш-чаралар планын жыйынтыктоочу макулдашууга өтүүнү чечишти. Бул демилгелерди ишке ашыруу дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды республиканын техникалык билим берүү системасына интеграциялоого жана ички туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.