Батирин алдап алып, сатып жиберишкен. Ысык-Атада ири алдамчылыкка шектелгендер кармалды

04.02.2026 | 12:14

Ысык-Ата районунда батирди алдоо жолу менен ээлеп алып, сатып жиберген деген шек менен эки жаран кармалды.

Чүй облустук милициясынын маалыматында, Люксембург айылынын тургуну Ш.В. милицияга кайрылып, өткөн жылдын январь айында И.А. аттуу жаран шериктери менен бирге анын ишенимине кирип, батирин ээлеп алганын билдирген. Шектүүлөр батирди өзүлөрүнө каттатып, андан соң сатып жиберишкен.

Келтирилген материалдык зыян 80 миң долларды (болжол менен 6 млн 991 миң сом) түзгөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 31 жаштагы И.А. жана 32 жаштагы М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top