Кыргызстандын өкмөт башчысы БАЭнин «Emirates News» маалымат агенттигине маек берди

Бүгүн, 5-февралда, Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын «Emirates News» (WAM) мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди.
Маектин жүрүшүндө өкмөт башчы Кыргызстандын экономикалык өнүгүү багыттары жана кыргыз-эмират кызматташтыгынын келечеги тууралуу маалымат берди. Ошондой эле мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу сөз болду.
Адылбек Касымалиев БАЭни Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары атап, төмөнкү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги бар экенин билдирди:
- кайра жаралуучу энергия булактары;
- инфраструктура жана логистика;
- айыл чарба жана туризм;
- каржы жана алдыңкы технологиялар.
Мындан тышкары маек учурунда тараптардын кызматташтыгын кеңейтүү жана технологияларды киргизүү маселелери тууралуу сөз болду.