Кыргызстандын илим жана жогорку билим берүү министринин эки орун басары кызматтан бошотулду

05.02.2026 | 17:26

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ведомство жетекчисинин эки орун басарын ээлеген кызматтарынан бошотуу жөнүндө тескемелерге кол койду.

Расмий документтерге ылайык, Айбек Чотонов министрдин биринчи орун басары кызматынан, ал эми Нурлан Өмүров — министрдин орун басары кызматынан кетти. Эки чиновник тең ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырганы кабарланууда.

Кызматтан бошотулган жетекчилер министрликтин курамында жети айга жакын иштешти. Эске салсак, Айбек Чотонов жана Нурлан Өмүров аталган кызматтарга 2025-жылдын июль айында дайындалышкан. Тиешелүү тескемелер кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди.

Scroll to Top