Газпром Кыргызстан» ТЭЦ-2ни газга өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын билдирди
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 2027/2028-жылдардагы жылытуу мезгилинде ТЭЦ-2ге (ЖЭБ-2) газ бере баштоону пландаштырууда. Компаниянын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяровдун айтымында, ишкана газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюп, бардык инвестициялык программаларын аталган мөөнөткө шайкеш келтирди. Долбоорду ишке ашыруу үчүн коңшу өлкөлөр менен магистралдык транспорттук кубаттуулуктарды куруу боюнча макулдашуулар түзүлдү.
ТЭЦ-2ни куруунун негизги максаты — электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана аны өндүрүү булактарын борбордон ажыратуу (децентрализациялоо) болуп саналат. Станция алгач, совет доорундагы борбор калаанын башкы планына ылайык, Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүн жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо үчүн каралган.