ЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылдыИсхак Масалиев чуулгандуу иштерди кайра кароону сунуштады. 2020–2026-жылдардагы эң ири соттук процесстерди эске салабызСоциалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталдыУлуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалды
«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды
17.02.2026 | 10:02

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Баткен шаарында жайгашкан «Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды.
Атайын кызматтын маалыматында, текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылдын январь айында Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан аталган имарат 0,22 гектар жер тилкеси менен кошо сатылып кеткендиги аныкталган. Имараттын стратегиялык маанисине карабастан, менчиктештирүү процесси мыйзам бузуулар менен ишке ашырылган.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнн натыйжасында объект мамлекеттик баланска өткөрүлдү. Бул иш-чара мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом