Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
19.02.2026 | 10:07

Президент Садыр Жапаров жарлыгы менен Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жанарбек Акаев 2025-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган эле.
Акаев 39 жашта, ал Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылында төрөлгөн. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин “Журналистика” адистиги боюнча аяктаган.
- 2007–2013-жылдары “Азаттык” радиосунун Ош облусу боюнча аймактык кабарчысы, Бишкек бюросунун кабарчысы жана Прага шаарындагы борбордук кеңсесинде эмгектенген. “Азаттык+” жана “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммаларын алып барган.
- 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп иштеген.
- 2015–2021-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.
- 2021-2025-жылдары Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.
Кечээ, 18-февралда, Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан өз арызынын негизинде кеткени белгилүү болду. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат