Бишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЦУМдун жанында мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объектини буздурууну талап кылды. Ал эми «Old Bishkek» имаратынын курулушун токтотууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда, аталган аймактагы курулуш иштерин текшерип жатып айтты.
Анын айтымында, фонтандын ордуна курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго жана шаар куруу нормаларына шайкеш келбей турганы аныкталган. Мындан улам мэр курулган объектини бузууну жана жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылды. Аталган курулушту жүргүзүп жаткан компанияга объектини бузууга үч күн убакыт берди.
Эске салсак буга чейин ЦУМдун жанындагы фонтандар алынбай тургандыгы, тескеринче ал толук жаңыланып, жанына заманбап комплекс курулары айтылган.
Мындан тышкары Айбек Жунушалиев аталган аймактагы Old Bishkek долбоорунун ишке ашырылышын текшерди. Мэр буга чейин Курулуш министрлигине долбоордун талаптарга шайкештигин текшерүү боюнча кат жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, объект бир нече жолу текшерилип, курулушту бекитилген документтерге жана шаар куруу нормаларына ылайык келтирүү тапшырылган. Бирок буга карабастан, курулуш иштери улантылган.
Мындан улам мэр Old Bishkek’тин экинчи кабатынын үстүнө чатыр куруу иштерин убактылуу токтотууну тапшырды. Ал эми Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисине сунушталган эскизди карап чыгып, курулушту шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган объектинин үчүнчү кабатын буздурулган. Анда текшерүү учурунда курулуш иштери башында бекитилген пландан четтеп кеткени белгилүү болгон. Документтерге ылайык, имарат эки кабаттуу болушу керек болчу.