Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Манас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
24.02.2026 | 16:09

Жалал-Абад облусунун борбору Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Ал соцтармактарда “Манас шаары мурунку аталышын алат экен” деген имиштер тарап жатканын айтып, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
“Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат”,- деп билдирди ал.
Мурдагы Жалал-Абад шаары 2025-жылдын сентябрь айында өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Манас шаары деп кайра аталган. Анын негизги максаты улуттук идеологияны чыңдоо жана кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон баатыр Айкөл Манастын атын шаарга ыйгаруу болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом