Тегеранды каптаган «Каардуу айкырык»
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал ачык аскердик тирешүү фазасына өттү. АКШ жана Израиль Ирандын аймагындагы негизги объекттерге бир катар массалык соккуларды урду. Аймактагы булактардын маалыматына караганда, Израилде «Арстандын айкырыгы» (Львиный рык), ал эми АКШда «Эпикалык каар» (Эпическая ярость) деген шарттуу аталыш алган операция Тегерандагы аскердик жана өзөктүк объекттерди гана эмес, административдик борборлорду да камтыды. Буга жооп катары Тегеран аба мейкиндигин жаап, «кыйраткыч кесепеттерге» киришип, Израилге жана Араб жарым аралындагы америкалык базаларга ракеталык жана учкучсуз учактар менен жооп иретинде чабуул кое баштады.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын жана мониторинг кызматтарынын маалыматы боюнча, алгачкы жардыруулар ирандык борбордо 28-февраль күнү эртең менен жаңырган. Чабуулдун бутасы «мамлекеттик башкаруу объекттери» деп аталгандар болду: Ирандын Коргоо жана логистика министрлигинин комплекси, Чалгындоо министрлигинин имараты, ошондой эле президенттик сарай жана жогорку лидер Али Хаменеинин резиденциясы.
Al Jazeera агенттигинин маалыматына ылайык, муну менен катар көптөгөн башка объекттер да чабуулга кабылган.
- Өзөктүк объекттер: Натанз, Фордо жана Исфахандагы борборлорго сокку урулду.
- Аскердик инфраструктура: Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) базаларына, башкаруу жана көзөмөлдөө борборлоруна, ошондой эле «жер-жер» баллистикалык ракеталарынын позицияларына чабуул жасалды.
Тегеранда жардыруулар Университет көчөсүндө, Жомхури аянтында жана түндүктөгү Сейед Хандан районунда катталды. Тегерандан тышкары Керманшах, Кереж, Кум, Шираз шаарларындагы жана Илам провинциясындагы объекттер аткылоого дуушар болду.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац операцияга израилдик Аскер-аба күчтөрүнүн катышканын тастыктап, муну ирандык ракеталык күчтөр жана прокси-топтор тарабынан болгон «түздөн-түз коркунучту жоюу үчүн алдын алуу чарасы» деп атады. Сопак кабинеттен чукул кайрылуу жасаган АКШ президенти Дональд Трамп кыска сүйлөдү: соккулар «эгемендикти жана эркин дүйнөнүн келечегин ирандык өзөктүк коркунучтан коргоо үчүн» жасалды. Мындан тышкары, ал ИРСКны куралын таштоого, ал эми Иран жарандарын баш калкалоочу жайларда күтө туруп, бийликти колго алууга чакырды.
Согуш талаасы
«Арстандын айкырыгы» толкун сыяктуу ишке ашырылууда. Пентагондогу булактар операция бир нече суткага эсептелгенин билдиришүүдө.
Ирандын өзүндө шаарларды толук караңгылатуу (жарыкты өчүрүү) режими киргизилип, ири борборлордо уюлдук байланыштын иши үзгүлтүккө учурады. Ирандын Tasnim мамлекеттик маалымат агенттиги Тегерандагы президенттик сарайдын жана Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин резиденциясынын аймагына кеминде 7 ракета тийгенин кабарлоодо. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Али Хаменеи жана президент Масуд Пезешкиан бомбалоо башталганга чейин эле коопсуз жайларга алдын ала эвакуацияланган. Жооп иретиндеги чабуулдар ошол эле күнү түштө башталды.
Реакция жана коркунучтар
Соккулар башталгандан бир нече сааттан кийин таратылган Ирандын ТИМинин билдирүүсүндө АКШ менен Израиль өлкөнүн «аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин одоно бузуу менен» аскердик жана жарандык объекттерге сокку урганы айтылат. ТИМ операция Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан маалда башталганын баса белгиледи.
Сөзсүз болуучу жоопту күткөн Израиль аскердик абалга өттү. Ливан жана Газа тилкеси менен чектешкен аймактарда кооптуулук жарыяланды. Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) «Темир купол» (Железный купол) абадан коргонуу системасын күчөтүлгөн режимге өткөрдү. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги бүткүл аймак боюнча мектептерде сабактар токтотулганын жарыялады.
Андан ары эмне болот?
Соккулардын биринчи фазасы аяктагандан кийин ирандык жетекчиликтин алдында жооп кайтаруу стратегиясын тандоо маселеси турат. Аналитиктер окуялардын өнүгүшүнүн эң ыктымалдуу үч жолун бөлүп көрсөтүшүүдө.
- Симметриялык сокку. Иран Жакынкы Чыгыштагы баллистикалык ракеталардын эң ири арсеналына ээ. Катар, Кувейт жана БАЭдеги АКШнын аскердик базаларына, ошондой эле израилдик объекттерге (анын ичинде Димондогу өзөктүк борборго) жооп соккусу буга чейин эле болду.
- «Каршылык көрсөтүү огунун» активдешүүсү: Бул Израиль үчүн эң кооптуу сценарий. Тегеран өзүнүн прокси-күчтөрү — ливандык «Хезболла», йемендик хуситтер жана Ирак менен Сириядагы шиит кошуундары аркылуу Израилдин аймагын массалык аткылоону жана америкалык базаларга чабуул коюуну башташы мүмкүн. Бул Израиль үчүн эки фронтто согушту тутандырышы ыктымал.
- Асимметриялык жооп. Бул «стратегиялык тыным» же согуш талаасынан тышкаркы аракеттер варианты. Чет өлкөлөрдөгү америкалык жана израилдик жарандарга каршы айрым диверсиялар, маанилүү инфраструктурага киберчабуулдар, Ормуз кысыгында (дүйнөлүк мунайдын 20%ы өткөн жол) кеме жүрүүсүн бөгөттөө аракети же Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен (ӨКЖК) демонстративдүү түрдө чыгуу болушу мүмкүн.

Эмне үчүн «арстан» дал ушул тапта айкырды?
Акыркы бир нече жумада дүйнөлүк ММКлар аймактагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн болуп көрбөгөндөй активдүүлүгүн катташкан. Авиатөшүүчү сокку уруучу топтор Перс булуңуна тартылып, Араб жарым аралындагы базалар аскердик техникага толуп калган, ал эми чалгындоочу учактар Ирандын асманында түзмө-түз «илинип» турган. НАТОнун европалык армияларында күчтөрдү которууга карата жогорку даярдык жарыяланган.
Бирок соккулар мындай демонстративдүү даярдыктан бир нече жума өткөндөн кийин гана жасалды. Эмне үчүн операция эрте башталбаганы боюнча бир нече негизги версия бар.
Биринчиден, аскердик өнөктүктөргө прагматикалык мамилеси менен белгилүү Дональд Трамп Пентагондон ийгиликтин максималдуу кепилдигин талап кылган деген пикир бар. АКШ президенти күтүүсүз кесепеттери жана чоң жоготуулары бар операцияларга өтө терс мамиле кылат. Ал ийгилик ыктымалдыгы 85%дан кем эмес болгон божомолду талап кылган. Мындай мамиленин мисалы катары Венесуэлада Николас Мадуронун режимине каршы пландалган, бирок толук ишке ашпай калган, «чекиттик чечим» сценарийлери басымдуулук кылган операцияны аташат. Кыязы, штаб башчылары Трампка анын көңүлүнө толгон планды азыр гана сунуштай алышты.
Экинчиден, аскерлердин топтолушун Вашингтон Тегеранга басым жасоо рычагы катары колдонгон болушу мүмкүн. Трамп согуштарга караганда «бүтүмдөрдү» артык көрөрүн бир нече жолу билдирген. Бирок анын жакында айткан Иран сүйлөшүүлөргө жакшы ниет менен барбай жатканы тууралуу сөзү көпчүлүк үчүн белги болду: дипломатиялык эшик жабылды. Ак үй, кыязы, аятоллалар менен келишүү мүмкүнчүлүгүнөн үмүтүн үздү, бул буйрук берүүгө алып келди.
Үчүнчүдөн, жана бул эң күтүүсүз сценарий — сөз кургактыктагы фазага даярдык көрүү жөнүндө болушу мүмкүн. Бул өтө этияттык менен талкууланууда. Эгер АКШ режимди жөн гана чекиттик соккулар менен башын алууну эмес, Тегеранда бийликти алмаштырууну (мисалы, мураскер ханзаада Реза Пехлевинин кайтып келишине көмөктөшүүнү) пландап жатса, анда кургактыктагы операциясыз ишке ашпайт. Кургактыкта басып кирүүгө даярдануу — узак иш. Тарыхый прецедент — Иракка жана анын лидери Саддам Хусейнге каршы «Чөлдөгү бороон» операциясы, ага даярдык дээрлик жарым жылга созулган. АКШнын кургактыктагы күчтөрүнүн бул фазага катышуусу америкалык коомдун жоготууларга сезимталдыгынан улам күмөндүү. Аткаруучулар катары союздаштардын күчтөрү болушу мүмкүн эле, бирок, баарынан мурда, бул өлкөлөрдүн бири да Ирандын аймагын «тазалоого» катышууга биротоло макулдугун бере элек, бул дагы чечим кабыл алуу процессин создуктурган.
Тескери натыйжа
Дональд Трамптын маселесинде жеке амбиция факторун да эстен чыгарууга болбойт. Ал тарыхта калышы мүмкүн болгон операцияда жеңүүчүнүн лаврын бөлүшүү ниетинде эмес. Мындан тышкары, союздаштар АКШ президентинин күтүүсүз стилин жакшы үйрөнүп алышкан жана америкалык жетекчилик астында толук масштабдуу кургактыктагы кампанияга аралашардан мурун тыным алууну артык көрүшөт.
Ошентип, «Арстандын айкырыгы» акыры жаңырганы менен, ал эң татаал соодалашуунун жана даярдыктын натыйжасы болду. Ирандын жообу катуу болот, бирок анын форматы Тегеран өч алууда канчалык алыска барууга даяр экенин жана Вашингтон курчууну көзөмөлдөй алар-албасын көрсөтөт. Ошол эле учурда Кошмо Штаттар күткөн натыйжа түп-тамырынан карама-каршы болуп чыгышы да толук мүмкүн.
Өткөн жайда жарандардын курман болушуна алып келген Ирандын аймагына жасалган соккулар парадоксалдуу түрдө Ислам Республикасындагы саясий режимди узартуучу фактор болуп калышы мүмкүн. Израилдин былтыркы чабуулунан бери эле Тегеранда консервативдүү канаттын позициясын бекемдеген жана өзөктүк программа боюнча дипломатиялык нукка кайтууну кыйындаткан бир нече тенденция катталууда.
Ошондо эле, байкоочулардын баамында, эл аралык жол-жоболорду кыйгап өтүп сокку урган Израилдин аракеттери ирандык карапайым калктын көз алдында расмий үгүттөөнүн көп жылдык тезистерин де-факто тастыктаган. ИРИнин (Иран Ислам Республикасы) маалымат мейкиндигинде чабуул жүйөсүз агрессия актысы катары берилип, патриоттук маанай күчөгөн.
Анын үстүнө Иранда 1980–1988-жылдардагы иран-ирак согушу тууралуу тарыхый эс тутум тирүү, ал эбегейсиз жоготууларга карабастан, элитанын жана коомдун аятолла Хомейнинин фигурасынын айланасында баш кошуусуна алып келген. Тегеран тарабынан коргонуу катары сыпатталып жаткан азыркы кырдаал учурдагы саясий моделдин жашоо жөндөмдүүлүгүн дагы көп жылдарга узартууга жөндөмдүү. Өлкөнүн масштабын жана АКШ менен союздаштарынын кургактыктагы операцияга катышууга даана каалоосу жоктугун эске алганда, мындай согушта жеңилүү күмөн. Ал эми тышкы коркунучка жооп иретинде мобилизация — ички чарчоону сезип жаткан режимдер үчүн да эң мыкты дары.
Акыркы айларда ички саясий динамика да байистүү күчтөрдүн пайдасына өзгөргөн эмес. Эми болсо көшөгө артында Израиль жана Батыш менен тирешүүнү азайтуу мүмкүнчүлүгүнө жол берген реформатордук канаттын өкүлдөрү иш жүзүндө аргументтеринен ажырап калышты. Түзүлгөн шартта Тель-Авив же Вашингтон менен диалогго болгон ар кандай аракет улуттук кызыкчылыктарды сатуу катары кабылданып, бул ИРСКдагы жана дин кызматкерлеринин арасындагы «шумкарлардын» позициясын автоматтык түрдө бекемдейт.
АКШ менен Израилдин тышкы саясаты үчүн өзүнчө тобокелдик фактору катары төмөнкү деңгээлдеги антиизраилдик жана антиамерикалык маанайдын өсүшү саналат. Жарандык объекттерге сокку уруунун натыйжасында тынч жашоочулардын, анын ичинде балдардын каза болгону тууралуу кабарлар өткөн жайда жергиликтүү ММКлар жана мечиттер тарабынан таратылып, өч алууга туруктуу суроо-талапты калыптандырган. Бул жада калса салттуу түрдө саясатка аралашпаган калк катмары да өз позициясын катаалдаштыра турган жаңы социалдык фонду жаратууда. Бүгүн иран бийлигинин биринчи реакциясы дал ушул жарандык объекттерге жасалган соккулар тууралуу болду.
Акырында, сокку өзөктүк программанын айланасындагы дипломатиялык жөнгө салуу келечегине олуттуу зыян келтирет. ИРИнин ТИМ башчысы Аббас Аракчи буга чейин сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин айтканы менен, акыркы убакта парламентте альтернативдүү көз караш күч алып жаткан. Улуттук коопсуздук боюнча комиссиянын расмий өкүлү Эбрахим Резаи Ирандын Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен (ӨКЖК) чыгуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү жасаган. Ал эми азыр Вашингтон Тегеран тарабынан ортомчу эмес, агрессиянын кошо катышуучусу катары кабылданат, бул «өзөктүк бүтүмдү» жандандыруу ыктымалдыгын иш жүзүндө нөлгө түшүрөт — демек, АКШ менен Израилди маселени биротоло күч менен чечүүгө милдеттендирет.
Ошентип, Иранды алсыратууга багытталган аскердик эскалация анын элитасын жана коомун баш коштурууга жана реформатордук багытты токтотууга кызмат кылып, дипломаттар үчүн мүмкүнчүлүктөр терезесин биротоло жаап, узакка созулуп кетүү тобокелдигин жаратышы толук ыктымал.