ИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды

05.03.2026 | 14:43

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги одоно жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн Жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) билүү боюнча милдеттүү тестирлөөнү караган резонанстуу мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды. Тийиштүү тапшырманы мекемеге президент Садыр Жапаров берди.

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы түшүндүргөндөй, документти кайра чакыртып алуу чечими коомчулук тарабынан түшкөн негиздүү сын-пикирлерди эске алуу менен кабыл алынды.

Эскерте кетсек, ИИМ айдоочулар үчүн мындай билим текшерүүнү өткөн жылдын 1-сентябрынан тартып эле киргизүүнү пландап келген. Бирок механизмди ишке киргизүү техникалык жагдайлардан улам кечиктирилген — ведомство тестирлөөнү түздөн-түз эреже бузулган жерде өткөрүү үчүн атайын планшеттерди сатып алууну көздөгөн болчу.

Теги: ИИМ
Scroll to Top