Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Сианьдагы жолугушуу: ШКУ өлкөлөрү Өнүктүрүү банкын түзүүнү илгерилетүүдө
30.04.2026 | 13:44
2026-жылдын 29-30-апрелинде Сиань шаарында (КЭР) ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселелери боюнча II консультативдик кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин, өнөктөштөрдүн делегациялары жана уюмдун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Тараптар келечектеги банктын ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерин талкуулап, аны түзүү боюнча консультацияларды улантуу ниетин ырасташты.
Эске салсак, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү демилгеси 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында өткөн уюмдун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында бекитилген. Кийинки, III консультативдик кеңешме 2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарында өткөрүлөт деп пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика